Жалал-Абад: Дөңгөлөк сатуучу дүкөн күйдү

Такталган маалымат боюнча Ноокен районуна караштуу Кочкор-Ата шаарында дөңгөлөк сатуучу магазин күйүп жатат деген кабар түшкөн. Жерине №55 ӨК-КБнөн бир бөлүм саат 06:14дө тартылган.
Күйүп жаткан өрттүн көлөмү чоң болгонуна байланыштуу жардамга Кыргызнефтигаз ААКнун эки даана өрт өчүрүү автоунаасы жана Кочкор-Ата шаардык тазалык иш-канасынан автошаты тартылып саат 06:39да курчоого алынып, саат 08:49да толук өчүрүлгөн.
Күйгөн жердин жалпы аянты 496 чарчы метрди түзгөн.
Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 4 миллион сомду түзүүдө.
Өрттүн чыгуу себеби учурда такталууда.