Жалал-Абад: Дайынсыз жоголгон жарандын сөөгү табылды

ЖАЛАЛ-АБАД: ДАЙЫНСЫЗ ЖОГОЛГОН ЖАРАНДЫН СӨӨГҮ ТАБЫЛДЫ
Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Кайың-Суу айылынын 1971-жылы туулган жараны М.К. 1 күндөн бери дайынсыз болуп жатат деген маалымат ыкчам нөөмөт бөлүмүнө саат 08:42де түшкөн.
Издөө иштерине Чаткал райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №81 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн атайын ыкчам автоунаасы менен 12 куткаруучу жерине саат 09:00дө тартылып, ыкчам издөө иштеринин натыйжасында аталган жарандын жансыз денесин саат 09:30да Чаткал дарыясынын Кайың-Суу тилкесинен табылып, РИИБ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.