Жалал-Абад: Эл аралык эне тил күнү белгиленди

ЖАЛАЛ-АБАД:ЭЛ АРАЛЫК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
21-февраль -Эл аралык эне тил күнү. Бул күнгө карата КР ӨКМнин Жалал-Абад облсу боюнча башкармалыгы жана район, шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүндө эне тил жөнүндө ачык сабактар өткөрүлүп, өздүк курам накыл сөздөрдү айтышып, эне тилибизди даңазалашты.
Белгилей кетсек ЮНЕСКО эл аралык уюму 1999-жылы 21-февралды эне тилдин эл аралык майрам күнү катары белгилеген. Аталган уюмунун иликтөөсүнө караганда дүйнөдө 6500 тил колдонулуп, алардын көпчүлүгү жоголуу чегине жеткен.