Жалал-Абад: Эски-Масы сайынын 100 метр аралыгы бекемделет

“Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш-мерчеминин негизинде Ноокен районуна караштуу Масы айыл өкмөтүнүн Эски-Масы сайынын оң жээгин бекемдөө иштери башталды.
Жээк коргоочу тосмонун тулкусун даярдоо үчүн айыл өкмөт тарабынан 1 бирдик экскаватор тартылып, КР ӨКМги тарабынан күйүүчү май менен камсыздалган.
Алдыдагы күндөрү тулкусу даярдалса жергиликтүү бийликтин күч каражаты менен 150 дана габион торчосу орнотулат.