Жалал-Абад: Гуманитардык жардам жиберүү иштери уланууда

Бүгүн, саат 13:00дө Ала-Бука,Токтогул райондорунан жана Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарларына чогулган 54 тоннага жакын гуманитардык жардам Баткен облусуна жөнөп кетти.
Жергиликтүү тургундар жана жекке ишкерлер тарабынан азык түлүк, күнүмдүк колдонулуучу буюмдар жана тамак аштар чогултулган.
Аталган жардам КР ӨКМнин кызматкерлеринин коштоосунда Баткен шаарына жеткирилет.