Жалал-Абад: “Honda Stepwgn” жеңил унаасы сууга акты
22-май күнү тынымсыз жааган жаандын кесепетинен Таш-Көмүр-Майлуу-Суу унаа жолунун 5-чакырымында Балапан-Сай сел өтүүчү сайында “Honda Stepwgn” үлгүсүндөгү жеңил унаа сууга агып көпүрөгө кептелип калган.
Жерине ӨКМнин 2-ӨИКО унаасы менен 11 куткаруучу тартылып, жекке менчик «МТЗ 80» трактордун жардамы менен чыгарышкан.
Жабыркагандар жок.