Жалал-Абад: Издөө ишине 74 куткаруучу тартылды

Бүгүн кар көчкү астында калган 4 жаранды издөө ишине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 74 куткаруучусу тартылды. Ошондой эле “Чайна Роуд” ишканасынан 7 атайын техника, УКМКнын чек-ара кызматынан 4 кызматкер, тез жардам кызматынан 1 бригада, ИИМдин ЖКККББдан 4 кызматкер, туугандарынан 4 адам жеринде иш алып барууда.
Буга чейин ӨК министри Бообек Ажикеев жерине барып, бир катар тапшырмалар коюлуп, издөө жана жолду тазалоо иши күчөтүлгөн тартипте жүрүүдө.
24- февралда кар астынан бир Пикап унаасы табылып, тилекке каршы ичинде адам табылган жок.
Маалыматка ылайык, курулуп жаткан альтернативдик унаа жолго 17 майда, 8ирет чоң көлөмдөгү кар көчкү түшкөндүктөн, кардын массасы ныкталып калган. Бул өз кезегинде куткаруучулар үчүн кыйла оорчулук жаратууда. Ошондой эле түшкөн карды каза келгенде анын тереңдиги 40-60метрге чейин жетүүдө.
Учурда кар көчкү астында калган жарандарды издөө жана куткаруу ишин КР ӨК министринин орун басары Эделбек Кулматов күнү-түнү жүрүү менен жетектөөдө.
Эске салсак, 14-февралда Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районундагы Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад альтернативдик унаа жолунунун 332 жана 338-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу) кар көчкү түшкөн. Көчкү аталган аймакта жол куруу ишин жүргүзгөн кытайдын ” Чайна Роуд” ишканасынын 4 кызматкерин башкарып жаткан техникасы менен кошо басып калган.