Жалал-Абад: Издөө иштерине 53 куткаруучу тартылды

Тогуз-Торо району. 14-февраль күнү Түндүк-Түштүк (Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад) альтернативдик унаа жолунунун 332-чакырымында (Көк-Арт ашуусу, тоннелдин түндүк тарабы) жана болжол менен 338-чакырымында (Көк-Арт ашуусу, тоннелдин түштүк тарабы) кар көчкү түшкөн (көлөмү такталууда). Кар көчкү түшкөн аймакта 4 адам дайынсыз болууда.

Бүгүн унаа жолдогу тоннелдин түндүк тарабына изилдөө жана издөө иш-чараларын улантуу максатында саат 08:00дө КР Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Э.Кулматовтун көзөмөлүндө.

Издөө иштерине жалпы 53 куткаруучу тартылды. Кошумча маалымат берилет.