Жалал-Абад: Издөө иштерине кошумча күчтөр тартылды

Түндүк-Түштүк (Балыкчы-Жалал-Абад) альтернативдик унаа жолунунун (Көк-Арт ашуусу) болжол менен 332-чакырымында жана 338-чакырымында кар көчкү түшүп, дайысыз болгон “Чайна Роуд” ишканасынын 4 кызматкерин издөөгө кошумча күчтөр тартылды.

Бүгүн унаа жолундагы тоннелдин түштүк тарабына изилдөө жана издөө иш-чараларын улантуу максатында Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары майор М. Токтосуновдун жетекчилигинде Сузак району боюнча ӨК бөлүмүнүн башчысы, №2-Өзүнчө издөө-куткаруу отрядынан 10 куткаруучу, КР ӨКМнин Гидрометеорология агенттигинен 4 кызматкер, ӨКМдин Жалал-Абад шаардык бөлүмүнөн 10 куткаруучу, ӨКМге караштуу Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан кыймылдоо башкаруу пункту (передвижной пункт управления) менен ыкчам тобу, ӨКМдин Республикалык өзүнчө-куткаруу отрядынан 21 куткаруучу тартылды.

Ал эми, Чек ара кызматынан 1 кызматкер жана 2 кинолог, тез жардам кызматынан 1 бригада жана 2 атайын техника (1 бирдик жүктөгүч, 1 бирдик эксковатор) тартылды.

Жалпы 46 куткаруучу издөө иштерине тартылды.

Кошумча маалымат берилет.