Жалал-Абад: Күйүүчү май куючу жайлар текшерүүгө алынды

ЖАЛАЛ-АБАД: КҮЙҮҮЧҮ МАЙ КУЮЧУ ЖАЙЛАР ТЕКШЕРҮҮГӨ АЛЫНДЫ
Жалал-Абад облусунун аймагында күйүүчү май сатуучу жайларда өрт коопсуздугун алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүрүүдө.
Ар бир каттоодо турган май күйүүчү жайлардагы баштапкы өрт өчүрүүчү каражаттардын жарактуулугу жана жараксыздыгы тыкыр көзөмөлгө алынып, ишкерлерге эскертме нускамалар берилди.
Белгилей кетсек облус аймагында 180ге жакын күйүүчү май сатуучу жай бар.