Жалал-Абад: Көп кабаттуу турак үйгө тактикалык машыгуу өткөрүлдү

Бүгүн, Жалал-Абад шаары боюнча ӨКБнүн өздүк курамы тарабынан шаар аймагында жайгашкан көп кабаттуу турак үйгө өрт тактикалык машыгуу өткөрүлдү.
Аталган иш-чарага АЦ-6-40 өрт өчүрүү автоунаасы АЛ-30 авто шаты жана АСМ унаасында өрт өчүрүүчү жана куткаруучулар тартылып, 6-кабатта күйүп жаткан өрттү өз учурунда чектөөгө алып өчүрүү аракеттери көрүлдү.
Башкы максат өздүк курамдын күжүрмөн даярдыгын күчөтүүгө багытталат.
Белгилей кетсек аталган машыгуу пландын негизинде жыл башында бекитилген.