Жалал-Абад: Көпүрөнүн курулушу бүткөрүлүүдө
КР ӨКМнин “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш-чарасынын негизинде, Аксы районуна караштуу, Ак-Таш тилкесиндеги Жолборсту суусуна автоунаа өтүүчү көпүрө куруу пландалган.
Көпүрөнүн курулушуна ӨКМ тарабынан 7200 кг цемент, 1122 кг арматура жана 20 метр швеллер бөлүнүп берилип, бүгүнкү күнгө карата курулуштун 95%ы бүткөрүлдү.