Жалал-Абад: Калыбына келтирүү иштери жүрүүдө
Бүгүн, саат 19:00 дөр чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Чаткал районунун Терек-Сай а/а, Кызыл-Токой айылында кокту колоттон агып келген суулардын натыйжасында сел жүрүп, Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 20-25-чакырым аралыгында жол каттамдар убактылуу жабылган.
Мындан сырткары аталган айылда жайгашкан 4 сарайга сел суулары кирген.
Жеринде Чаткал райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлмүнан 3 кызматкери иш алып барышууда.
Жергиликтүү бийлик жана жеке алтын казган ишканадан 2 погрузчик тартылып, саат 22:20 Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолу эки тараптуу ачылды.