Жалал-Абад: Калыбына келтирүү жумуштарына кошумча күч жөнөтүлдү

КР ӨКМнин Жалал-Абад облустук башкармалыгы тарабынан Баткендеги күйгөн үй-жайларды калыбына келтирүүгө өздүк курамдан 31 кызматкер жана 10 атайын оор жүк ташуучу автоунаалар жардамга жөнөтүлдү.
Мындан сырткары чек-арада жабыркаган үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтүү максатында, Жалал-Абад облусунун район,шаарларынан 89 даана боз үй жана чатырлар чогултулуп Баткен облусуна жеткирилди.