ЖАЛАЛ-АБАД: КАР КӨЧКҮДӨН “ПИКАП” ҮЛГҮСҮНДӨГҮ УНАА ТАБЫЛДЫ

ЖАЛАЛ-АБАД: КАР КӨЧКҮДӨН “ПИКАП” ҮЛГҮСҮНДӨГҮ УНАА ТАБЫЛДЫ
Бүгүн Түндүк-Түштүк (Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад) альтернативдик унаа жолунунун 338-чакырымында Көк-Арт ашуусундагы тоннелдин түштүк тарабында куткаруучулардын издөө иш-аракеттердин натыйжасында саат 16:30да “Пикап” унаасы табылды, бирок ичинде адам болгон эмес.
Аталган тилкеде “Чайна Роуд” ишканасынын 1 кызматкери дайынсыз болууда.
ӨКМдин Гидрометеорологиялык кызматынын адистеринин маалыматына ылайык 338-чакырымына болжол 600 миң м3 (кубометр), орточо бийиктиги 10 метрди түзөт.
Эскерте кетсек, Түндүк-Түштүк (Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад) альтернативдик унаа жолунунун 332 жана 338-чакырымындарында кар көчкү түшүп, 4 адамды кар көчкү басып калган.