Жалал-Абад: Кар көчкүдөн тазалоо иштери жүргүзүлүүдө
ЖАЛАЛ-АБАД: КАР КӨЧКҮДӨН ТАЗАЛОО ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛҮҮДӨ
Такталган маалыматка ылайык, Чаткал районуна караштуу Чаткал айыл өкмөтүнүн Курулуш айылында түнкү саат 03:30дар чамасында кар көчкү түшүп, 1 турак үйдүн короосуна чейин жеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Жеринде тактоо иштери жүргүзүлүп, кар көчкүдөн адам өмүрүнө коркунуч жана жабыркагандар жок экендиги аныкталган.
Учурда Чаткал райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын жетекчилигинде 4 куткаруучу тартылып, турак үйдүн короосунда кар көчкүдөн тазалоо жумуштары жүргүзүлүүдө.


