Жалал-Абад: Кар көчкүдөн жабыркаган жарандардын абалы туруктуу
ЖАЛАЛ-АБАД: КАР КӨЧКҮДӨН ЖАБЫРКАГАН ЖАРАНДАРДЫН АБАЛЫ ТУРУКТУУ
Ала-Бука районундагы Иштамберди участкасындагы “Фулл Голд Майнинг” алтын казуучу фирмасына кар көчкү түшүп, 4 кызматкер кар алдында калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Аталган 4 жаран кен казуучу компаниянын кызматкерлери тарабынан чыгарылып, аларга биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Учурда баарынын абалы туруктуу экени айтылууда.
Жерине райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн тийиштүү кызматкерлери тартылып, бирок Ала-Бука-Каныш-Кыя-Кировка авто унаа жолунун 45-чакырымына кар күрткү түшүп, автоунаа өтө албагандыктан туруктуу ордуна кайтышкан.
Кошумча маалымат берилет.

