Жалал-Абад: Кар көчкү түшүп, үч жаран дайынсыз болууда

ЖАЛАЛ-АБАД: КАР КӨЧКҮ ТҮШҮП, ҮЧ ЖАРАН ДАЙЫНСЫЗ БОЛУУДА
Бүгүн саат 12:30 чамасында Тогуз-Торо районуна караштуу Түндүк-Түштүк (Балыкчы-Жалал-Абад) альтернативдик унаа жолунунун болжол менен 334-чакырымында (Көк-Арт ашуусу) кар көчкү түшкөн.
❗❗❗Кар көчкү “Чайна Роуд” ишканасына тиешелүү Нива, жүктөгүч жана 2 экскаватор унааларын басып калып, 3 киши дайынсыз болууда.
Жерине Тогуз-Торо райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 6 куткаруучусу, Жалал-Абад облустук башкармалыгынын ыкчам тобу, ӨКМдин жалпы 20 куткаруучусу тартылган.
Учурда “Чайна Роуд” ишканасынан 4 даана жүктөгүч, 30 кызматкер тартылып издөө жана кар көчкүнү тазалоо иштерин жүргүзүүдө.