Жалал-Абад: Кар көчкү тазаланып,жол ачылды

ЖАЛАЛ-АБАД: КАР КӨЧКҮ ТАЗАЛАНЫП, ЖОЛ АЧЫЛДЫ
Алдын ала маалымат боюнча Чаткал районунун Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка автоунаа жолунун 85-86-чакырымында таңкы саат 7:46да кар көчкү түшкөн.
Жерине №27-жол тейлөө иш канасынан 1 жүктөгүч тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Кар көчкүнүн көлөмү учурда такталууда.
Тынымсыз тазалоонун натыйжасында жол эки тараптуу ачылды.
Эскерте кетсек, ушул жылдын 15-февралынан 19-фералына чейин Жаңы-Базар – Каныш-Кыя, Красная-Горка – Акташ унаа жолдорунда кар көчкү түшүү кооптуулугу жогорулай тургандыгы маалымдалган. мындан улам айтылган эскертүүлөргө маани берип, зарылчылыгы жок болсо узак жолго чыкпай турууңуздарды эскертебиз.