Жалал-Абад: Кең-Кол суусунун 120 метр аралыгы бекемделет
«Атайын алдына алуу жана кесепеттерин жоюу» иш мерчеминин негизинде Базар-Коргон районуна караштуу Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүндө жайгашкан Алтын-Кыя жана Кызыл-Үңкүр айылдарынын ички чарбалык жолун сактап калуу максатында Кең-Кол суусунун сол жээгин бекемдөө иштери жүрүүдө.
Ал үчүн КР ӨКМги тарабынан 300 даана габион торчосу жана 3 оор техника бөлүнүп, күйүүчү май менен камсыздалган.
Учурда суу тосмонун 60 метр аралыгына габион торчосу орнотулуп, жумуш өз нугунда жергиликтүү бийиликтин кол каражаттары менен уланууда.