Жалал-Абад: Коллегияда ӨКБ курамы сыйланды

ЖАЛАЛ-АБАД: КОЛЛЕГИЯДА ӨКБ КУРАМЫ СЫЙЛАНДЫ
Бүгүн Жалал-Абад облусунун аймагында 2022-жылы социалдык-экономикалык көрсөткүчүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегия өткөрүлдү.
Аталган отурумга КР Минстирлер кабинетинин төрөгасынын орун басары Б.Төрөбаев катышып, жыл ичиндеги аткарылган облус аймагындагы жетишкендиктер тууралуу маалыматтар менен таанышты.
2023-жылы болжолдуу аткарылуучу иш-пландар тийиштүү жетекчилер тарабынан айтылып, облустун социалдык экономикалык абалын жогорулатуга болгон күч-аракеттер жумушалары белгиленди.
Коллегиянын жүрүшүндө 2022-жылы “Өзгөчө кырдаалдардын” кесепетин жоюуга катышкандыгы үчүн КР ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыктын жана район шаардык ӨКБнүн өздүк курамын Жалал-Абад облустук Жарандык коргонуу башычы А.Сыргабаев “Ардак” грамота менен сыйлады.