Жалал-Абад: Командалык-штабдык машыгуу соңуна чыкты
ЖАЛАЛ-АБАД: КОМАНДАЛЫК-ШТАБДЫК МАШЫГУУ СОҢУНА ЧЫКТЫ
Жалал-Абад облусунда өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн “Коопсуздук-2023” биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуусу өткөрүлдү.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы тарабынан коюлган талаптар өз учурунда аткарылып, өздүк курам күжүрмөн даярдыгын жогорку деңгээлде көрсөткөндүгү штабдык жыйындын соңунда маалымдалды.
Машыгуунун негизги максаты — өздүк курамдын күжүрмөн даярдыгын күчөтүп, ар кандай кырдаалга даяр болууга чакырат.