Жалал-Абад: Кооптуу аймакта жашаган тургундар көчүрүлөт
ЖАЛАЛ-АБАД: КООПТУУ АЙМАКТА ЖАШАГАН ТУРГУНДАР КӨЧҮРҮЛӨТ
КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын район шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн өздүк курамы тарабынан район жана шаар аймагындагы кооптуу аймакта жашап жаткан жарандарды коопсуз жайга көчүрүү боюнча түшүндүрүү иштери уланууда.
Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кооптуулук жогору болгон аймактардагы жашоочуларды, убактылуу коопсуз жайга көчүрүү тапшырмасы коюлуп, калктуу конуштун жашоочулары көчүүнү каалабаса мажбурлоо ирээтинде көчүрүү керек экендиги адистер тарабынан баса белгиленүүдө.
Белгилей кетсек облус аймагында 1160 үй-бүлө жер көчкү, сел каптоо, таш кулоо, кар көчкү түшүү кооптуулугу бар аймакта жашоо тиричиликтерин улантып келишет.




