Жалал-Абад: Кооптуу аймакта жашаган тургундар көчүрүлөт

ЖАЛАЛ-АБАД:КООПТУУ АЙМАКТА ЖАШАГАН ТУРГУНДАР КӨЧҮРҮЛӨТ
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон,Сузак, Аксы,Ноокен райондорунда Кара-Көл, Майлуу-Суу, Жалал-Абад шаарларында жалпы 1160 кожолук жер көчкү, таш кулоо, кар көчкү,сел каптоо коркунучу бар аймактарда күн өткөрүп келишүүдө.
Аталган үй-бүлөлөргө КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын район, шаардык ӨКБнын офицердик курамы жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен кооптуу аймакта жашаган тургундарды коопсуз аймакка көчүрүү аракеттери жүрүүдө.
Мамлекет тарабынан керектүү судаларды жана турак жай салуу үчүн жер тилкелерин алып бирок дагы да коопсуз аймакка көчпөгөн үй-бүлөлөрдүн документтери чогултулуп сот органдарына өткөрүп берилет.