Жалал-Абад: Куткаруучулар өспүрүмдү издөө иштерин улантууда
ЖАЛАЛ-АБАД: КУТКАРУУЧУЛАР ӨСПҮРҮМДҮ ИЗДӨӨ ИШТЕРИН УЛАНТУУДА
Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр а/а Ак-Булак айылынын тургуну, 14 жаштагы М.Ф. аттуу өспүрүмдү издөө иштери бүгүн да уланууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин РӨКОнун №2 ӨКИОдон 5 куткаруучу, Базар-Коргон райондук №78 ӨКБдан 6 куткаруучу тартып, үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгон өспүрүмдү Ак-Булак тилкесинен издешүүдө.
Белгилей кетсек, аталган мектеп окуучусу 31-марттан бери дайынсыз болууда.



