Жалал-Абад: Куткаруучулар өз учурунда жардам көргөзүштү

Кечээ, 17-апрелде Жалал-Абад шаардык ӨКБнүн нөөмөт бөлүмүнө Ленин көчөсүндө жайгашкан 168-турак үйдүн жанындагы лотоктун үстүнө коюлган темир торчого 39 жаштагы Б.Ч. аттуу аял кишинин буту кыпчылып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, жогоруда аталган жаранга өз учурунда жардам беришкен. Учурда абалы туруктуу.