Жалал-Абад: Кырдаалды жоюу аракеттери жүрүүдө

Көк-Арт дарыясында 6-порогдун (босого) 20 метр арылыгын жана 10-коргоочу тосмонун сол жээгинде 20 метрин суу жеп, Жалал-Абад шаарынын 569 кожолугуна жана 11 мекеме ишканага кооптуулук жаралган. Буга байланыштуу Жалал-Абад шаарына 18-март күнү өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

17-18-19-март күндөрү ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Абдулнасир Закиров ыкчам чараларды кабыл алып, жеринде иш алып барууда.

Шаардын жарандык коргонуу кызматтары жана облустук Сел жана суу ташкындарын алдын алуу агенттиги тарабынан суунун нугун бөгөөчү таштар алынып келип, чоң көлөмдөгү суунун нугун буруу аракеттери көрүлүүдө.

Учурда КР ӨКМден 8 бирдик техника жана жергиликтүү бийлик , ошондой эле жеке компаниялардан 8 бирдик техника тартылып, кырдаалды жоюу аракеттеринин натыйжасында 6-порогдун (босого) 20 метр аралыгынын 10 метри бекемделди.

Учурда кырдалды жоюу аракети уланууда.