Жалал-Абад: Майлуу-Суу. Таза суу. Жылуулук

ЖАЛАЛ-АБАД: МАЙЛУУ-СУУ. ТАЗА СУУ. ЖЫЛУУЛУК
Майлуу-Суу шаарынын отказандары шаардын 1807 абонентин, тактап айтканда, 1-отказан 1234, 3-отказан 375, 4-отказан 198 абонентти жылуулук менен камсыздайт. Шаардын 5000 түтүнүнө таза суу жеткирилет. Дал ушул шаардыктар кыштын кычыраган чилдесинде суусуз, жылуулуксуз калган.
Шаардагы өзгөчө кырдаалды калыбына келтирүүгө ӨКМдин көзөмөлү менен тиешелүү кызматтар тартылып, суу ташуу, суу түтүктөрүндөгү музду ээритүү, шаар элин жылуулукка кошуу иштерин аткарышты. Мындай иштерди жасоого жалпысынан 236 кызматкер, 42 техника тартылып, анын ичинен ӨКМден 50 кызматкер, 6 техника иштеди.
4 өрт өчүрүүчү унаа, 19 куткаруучу турмуш-тиричиликке керектелүүчү 62 тонна суу таратышкан. Ал эми болжол менен 15 чакырым аралыкта суу агымы калыбына келтирилип, шаар тургундарынын 35%ына таза суу бериле баштады. Учурда суунун басымын көбөйтүү үчүн 15 куткаруучу Южный-Кайрагач тилкесинен төмөн карай таза суунун экинчи куурун эски дөңгөлөктөрдү өрттөө менен ээритүү иштери жүргүзүлүүдө.
Мындан сырткары Жарандык коргонуу кызматтарынын кызматкерлери тиешелүү тартылып, шаардагы үйлөрдү, социалдык объекттерди жылытуу, таза суу жана канализация системаларындагы көйгөйлөрдү чечүү боюнча тиешелүү жумуштарды жүргүзүштү. Учурда №1 отказан 99%, №4 отказан 100% жылулук берип, таза суу системасынан суу ала башташты. Ал эми №3 откана ишке киргизилип, 375 абоненттин 185ине жылуулук берилди.