Жалал-Абад: Мал сарайдан өрт чыкты

Майлуу-Суу шаарына караштуу Сары-Бээ айыл өкмөтүнүн Восточный көчөсүндө мал сарай күйүүдө деген кабар саат 12:18 де түшкөн.
Жерине №83 ӨККБдөн 2 бөлүм тартылып, белгиленген аймакты 12:46 да курчоого алып, саат 16:29 да толугу менен өчүрүшкөн.
150 чарчы метрлүү жанаша курулган мал кармоочу сарай толугу менен күйгөн.
Учурда өрттүн чыгуу себеби такталууда.