Жалал-Абад: Мектеп мугалимдери үчүн 3 күндүк окутуу өткөрүлдү
25-26-27-октябрь күндөрү “Коопсуз билим берүү мекемеси” аталышындагы 3 күндүк семинар Жалал-Абад шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмү жана Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмү менен биргеликте өткөрүлдү.
Шаар аймагындагы билим берүүчү мектептердин мугалимдери тартылып, табигый жана техногендик кырсык катталса, окуучуларды эвакуациялап, коопсуз жайга алып чыгуу жолдору тажырыйба жүзүндө көрсөтүлдү.
Ар бир мектептин мугалимдерине, бала бакчалардын тарбиячыларына өрт кырсыгы тууралуу ачык сабактарды тез-тез өткөрүп, анын натыйжасында наристелерге, окуучуларга өрт кырсыгы эмне экендигин түшундүрүү айтылды. Ошондой эле өрт кырсыгы катталган мезгилде токтоосуз түрдө «112» жана «101» номерине чалууну түшүндүрүү эскертилди.