Жалал-Абад: Мектеп окуучулары үчүн “Ачык эшик” күнү орун алды

Бул күнү Ноокен райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү мектеп окуучулары үчүн эшигин ачты.
Район аймагында жайгашкан №2 Бөкөнбаев атындагы орто мектептин 60ка жакын окуучусу №55 ӨК-КБнүн ишмердүүлүгү менен таанышышты.
Өздүк курам тарыбынан келечек ээлерине “KAMAZ” АЦ-6-40 автоунаасында камтылган шаймандар тууралуу маалыматтар айтылып, колдонуу эрежелери көрсөтүлдү.
Иш-чаранын өткөрүнүн башкы максаты “кырсыктардын тобокелдигин азайтууга” багытталат.