Жалал-Абад: Мектеп окуучулары коопсуз жайга эвакуацияланды
ЖАЛАЛ-АБАД:МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫ КООПСУЗ ЖАЙГА ЭВАКУАЦИЯЛАНДЫ
Сузак районуна караштуу Атабеков айыл өкмөттүндө жайгашкан №4 Б.Шамшиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектепке өрттүк тактикалык машыгуу өткөрүлдү.
Пландын негизинде аталган окуу жайдан өрт чыккандыгы маалымдалып, жерине №65 ӨК-КБнөн 1бөлүм, РИИБнүн ыкчам тобу, Тез жардам кызматы тартылып, өрт кырсыгы катталган мектептин 157 окуучусу коопсуз жайга эвакуацияланып, биринчи медициналык жардам көрсөтүлдү.
Машыгуунун жүрүшүндө мектеп окуучулары үчүн ачык сабактар өткөрүлүп, өрт өчүрүүдө колдонулуучу аппараттар тууралуу маалыматтар айтылды.





