Жалал-Абад: Мектептерде өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлдү

ЖАЛАЛ-АБАД: МЕКТЕПТЕРДЕ ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТКӨРҮЛДҮ
Бүгүн, Ала-Бука райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы тарабынан №7 Н.Бекменбетов атындагы жалпы билим берүүчү мектебинде өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлүп, өрт учурунда эвакуациялоонун, ыктыярдуу өрткө каршы кошундун иш-аракети бааланды. Ал эми катышуучуларга өрт коопсуздук чаралары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мындан сырткары, Жалал-Абад шаарында жана Базар-Коргон, Токтогул районунда жайгашкан бир канча мектептин окуучулары үчүн ачык эшик күнү өткөрүлүп, өрткө каршы-куткаруу бөлүктөрүнүн ишмердиги менен таанышуу иш-чаралары жүргүзүлдү.
Белгилей кетсек, аталган иш-чара 15-июнь – өрт- өчүрүүчү- куткаруучулардын кесиптик майрамына карата өткөрүлүүдө.