Жалал-Абад: Мектептин шыбы урап түштү

Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айылындагы  №18  Чымканаев атындагы орто мектебинин окуу бөлмөсүнүн шыбы урап түшкөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Кырсык каттаган жерге Чаткал райондук № 79 ӨККБнөн 3 куткаруучу тартылып, натыйжада 16 окуучу менен 1 мугалим  коопсуз жайга чыгарылган.

Жабыркагандар “Эти-Бакыр” фирмасынын “Тез жардам” унаасы менен Ала-Бука райондук ооруканасына жөнөтүлдү.