Жалал-Абад: Мен жана коопсуз мектеп

ЖАЛАЛ-АБАД: МЕН ЖАНА КООПСУЗ МЕКТЕП
Сузак райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы ” Кызыл Ай” коому менен биргеликте “Коопсуз мектеп” долбоорунун алкагында бир канча мектептерде жер титирөө жана өрт кырсыгы катталган мезгилде өзүн алып жүрүү эрежелери тууралуу машыгуу өткөрүүдө.
Аталган иш- чара жер-жерлерде колго алынып, мектеп окуучуларынын коопсуздугу үчүн атайын эрежелер практика жүзүндө көрсөтүлүүдө.
Аталган машыгууга дарыгерлер тобу жана мектеп мугалимдери да тартылды.