Жалал-Абад: Облус аймагында 13 гуманитардык жардам чогултучу штаб түзүлдү
Жалал-Абад облусунун аймагында жалпысынан 13 район шаардык деңгээлинде штаб түзүлдү.
Ар бир штабка КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгын район шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы бөлүнүп, алынып келген жардамды кабыл алуу жана жеткирүү иштерин колго алышууда.
Учурда Баткен жерине тамак-аш жана кийим кечелер жергиликтүү тургандар жана жеке ишкерлер тарабынан берилүүдө.