Жалал-Абад: Облус аймагында штабдык машыгуу өттү
ЖАЛАЛ-АБАД: ОБЛУС АЙМАГЫНДА ШТАБДЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ
Бүгүн КР ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча бшакармалыгынын район, шаардык ӨКБнын жана Жарандык коргонуу кызматтары үчүн штабдык машыгуу өттү.
Машыгуунун жүрүшүндө атайын түзүлгөн планга ылайык, 29-30-31-январь жана 1-2-февраль күндөрү облус аймагында туруксуз аба-ырайы катталып, абанын температурасы -22 градуска чейин төмөндөп, Облус аймагындагы бир катар электр жарыгы менен камсыздоо түйүндөрү иштен чыккан. Анын натыйжасында социалдык, административдик имараттар, жеке турак-жайлар жабыркап, жарандардын өмүрүнө жана ден-соолугуна кооптуулук жаралгандыктан облустук дээңгелде “Өзгөчө кырдаал” режими киргизилип, башкармалыктын жана район, шаардык ӨКБнын өздүк курамына таң эрте саат 06:05 те “Айгай” жарыяланды. Ага катар эле Жарандык коргонуу кызматтарынын күч каражаттары күжүрмөн даярдыкка келтирүү тапшырмасы коюлду.
Жалал-Абад облустук Жарандык коргонуу башчысынын орун басары, полковник А.Закиров тарабынан ыкчам чечимдер кабыл алынып, Жарандык коргонуу өкүлдөрүнө тийешелүү тапшырмалар коюлду. Облус аймагында катталган “Өзгөчө кырдаалды” тез убакыт ичинде жоюу керек экендиги баса белгиленди.
Белгилей кетсек, мындай машыгуулар атайын пландын негизинде өздүк курамдын күжүрмөн даярдыгын күчөтүүгө жана ЖК кызматтарынын абалын баалоого багытталат.



