Жалал-Абад облусуна эвакуацияланган 466 жарандын 114ү Баткенге кайтты

28-сентябрь саат 11:00гө карата Жалал-Абад облусунда убактылуу баш калкалап жаткан 114 жаран өз үйлөрүнө кайтуу үчүн жолго чыгышты. Алар үчүн жергиликтүү бийлик тарабынан 1 кичи автобус, ошондой эле өзүлөрү тараптан 3 кичи автобус, 1 портер, 11 женил унаа менен жалпы 114 жаран кайтты.Учурда облуста 352 жаран калды. Алардын 29у убактылуу пункттарда, 323 жаран жергиликтүү тургундардын үйлөрүнө жайгашкан.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусуна Баткен облусунан жалпы 466 жаран эвакуацияланган. Анын ичинен 430 жаран жарандардын үйлөрүнө, 36 жаран эвакуациялык пунктарда (ПВР) жайгашкан.