Жалал-Абад: Облусунда бир катар унаа жолдор убактылуу жабылды

12-мартта Жалал-Абад облусунун  Чаткал районундагы Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка жана Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолдорунда кар көчкү түшүп, кар күрткүсү пайда болгондугуна байланыштуу өзгөчө кырдаалды алдын алуу, адамдардын өмүрүн сактоо жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 12- марттан 13-мартка  чейин аталган унаа жолдор убактылуу жабылды. Учурда  жеринде ӨКМ тарабынан тиешелүү чаралар жүрүп жатат.

Ал эми Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы «Арал»  постунда,  Чүй облусунун «Сосновка» постунда унаалардын бардык түрүнө убактылуу киргизилген чектөө бүгүн саат 11:40та алынды.

❗ Ѳзгѳчѳ кырдаалдар министрлиги  шашылыш билдирүү катары 10- 15-мартка чейин туруксуз аба ырайы күтүлгѳндүктѳн, бийик тоолуу аймактагы  унаа жолдоруна кар көчкү түшүү коркунучу бар экендиги эскертип, маалымдаган.

АЙДООЧУЛАРДЫН ЭСИНЕ!

  • Алыскы жолго чыгуу алдында аба ырайы тууралуу маалымат алып, унаанызда күрѳк, дѳнгѳлѳк чынжыры жана башка каражаттардын болушун кѳзѳмѳлгѳ алыныз.
  • Унаалардын ортосундагы 500метр аралыкты так сактаңыз.

Кырсык катталган учурда, же жолдун ачылышы тууралуу кандайдыр бир маалымат алгыңыз келсе, күнү-түнү  акысыз иштеген  112 номерине байланышып, тез жардам же керектүү кенеш алсаныз болот.