Жалал-Абад облусунда кооптуу аймакта жашаган үй-бүлөлөр көчүрүлөт

Сузак райондук  ӨКБнүн өздүк курамы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте  кооптуу аймакта  жашаган эл менен жолугуп, коопсуз аймакка  көчүп чыгуу боюнча эскертме   беришти.

Маалымат катары айта кетсек, район аймагында  768 үй-бүлө жер көчкү жүргөн кооптуу аймакта жашап келет. Жергиликтүү элдин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн башка аймакка көчүрүү тапшырмасы жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жана айыл аймак башчыларына жүктөлүп, жакынкы аралыкта көчүрүп чыгуу аракети колго алынат.