Жалал-абад облусунун аймагында жер титирөө катталды
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 1-апрель күнү саат 05:13тө Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Базар-Коргон районунун:
▪️Арсланбап, Косо-Терек, Кызыл-Үңкүр айылдарында 4,5 балл
▪️Гүмкана, Көк-Алма, Жазы-Кечүү, Жай-Терек айылдарында 4 балл
▪️Ноокен районунун Тоскоол айылында, Сузак районунун Ак-Тоок, Сары-Булак айылында, Кара-Көл шаарында 3 балл
▪️Жалал-Абад шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.