Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 04:10до Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Сузак районунун Калмак-Кырчын, Саты, Урумбаш, Таран-Базар, Жоон-Күнгөй, Канжыга айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жок.