Жалал-Абад облусунун аймагында жер титиреди

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН АЙМАГЫНДА ЖЕР ТИТИРЕДИ
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык 2023-жылдын 5-март күнү, саат 19:52 чамасында Жалал-Абад облусунун аймагынын очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө облустун Аксы районунун Кашка-Суу, Жаңы-Айыл айылдарында 3 балл, Кербен шаарында жана Ак-Там айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.