Жалал-Абад: Окуучуларга ачык сабак өткөрүлдү

Кара-Көл шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү, Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмү менен биргеликте окуучулардын өрт коопсуздугу боюнча билим деңгээлин жогорулатуу жана өрт өчүрүүчү шаймандар менен тааныштыруу максатында мектеп окуучуларына экскурсия уюштурулду.
Жыл башында белгиленген иш-чарага шаар аймагындагы жалпы билим берүүчү орто мектептердин окуучулары катышып, өрт өчүрүүчү шаймандар жана атайын даярдыкта турган автоунаалар менен таанышышты.
Кара-Көл шаары боюнча 5 (беш) миң окуучу жана 8 билим берүүчү мектеп бар.
Жыл башынан бери Кара-Көл шаардык ӨКБнүн өздүк курамы тарабынан төрт ирет өрт коопсуздук эрежелерин так сактоо боюнча тактикалык машыгуулар өткөрүлдү.