Жалал-Абад: Оорукананын имаратынан өрт чыгып, 4 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылды
ЖАЛАЛ-АБАД: ООРУКАНАНЫН ИМАРАТЫНАН ӨРТ ЧЫГЫП, 4 ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮ БӨЛҮМ ТАРТЫЛДЫ
Алдын ала маалымат боюнча, Аксы районунун, Кербен шаарынын Уметалиев көчөсүндө жайгашкан оорукананын имаратынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине өрттү өчүрүүгө Аксы райондук №70 ӨКБдан 3 өрт өчүрүүчү бөлүмү жана Ала-Бука райондук №73 ӨКБдан 1 өрт өчүрүүчү бөлүм, жалпы 4 өрт өчүрүүчү бөлүм иш алып барууда.




