Жалал-Абад: Өрт өчүрүүчү автоунаалар 85 пайызга жаңыланды

ЖАЛАЛ-АБАД:ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮ АВТОУНААЛАР 85 ПАЙЫЗГА ЖАҢЫЛАНДЫ
Бүгүн, КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын район, шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнө 16 даана “HOWO” жана 10 даан “KAMAZ” жаңы заманбап өрт өчүрүүчү авто унаалар облус аймагына алынып келинди.
Салтанаттуу иш-чарага Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев катышып жаңы унаадагы өзгөчөлүктөр менен жеринен таанышты.
Облус аймагындагы өрт кырсыгын алдын алуу максатында алынып келген техникалар алдыдагы күндөрү облус туругундары үчүн тынымсыз кызмат көрсөтүп баштайт.
Белгилей кетсек Облус аймагына өткөн жылы 8 даана өрт өчүрүүчү авто унаалар алынып келген.