Жалал-Абад: Өрт кырсыгынан сак болуңуздар!
ЖАЛАЛ-АБАД:ӨРТ КЫРСЫГЫНАН САК БОЛУҢУЗДАР!
КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын райондук, шаардык ӨК бөлүмдөрүнүн өздүк курамы тарабынан турак жай ээлерине, профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү күчөтүлүп, 12 миңден ашуун турак-жай ээлерине күнүмдүк турмуштагы өрт коопсуздук чаралары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Жүргүзүлгөн иштерге карабастан 2023-жылдын январь айында Жалал-Абад облусунун аймагында 27 өрт кырсыгы катталып, тилсиз жоонун кесепетинен 2 жаран каза болуп, 18 жаран ис газына ууланып ооруканага кайрылышкан.
Урматтуу Жалал-Абад облусунун тургундары! Кышкы от жагуу мезгилинде турак үйлөрүңүздө өрт кырсыгын алдына алып, жаш балдарды кароосуз калтырбоону эскертебиз.
Өрт же өзгөчө кырдаалга күбө болсоңуз токтоосуз 112, 101 номерлерине кабарлаңыз.





