Жалал-Абад: Сүрөт жана дилбаян сынактары өткөрүлдү
ЖАЛАЛ-АБАД:СҮРӨТ ЖАНА ДИЛБАЯН СЫНАКТАРЫ ӨТКӨРҮЛДҮ
15-июнь-өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын кесиптик майрамына карата Жалал-Абад облусунун аймагында жайгашкан жогорку класстын окуучулары катышкан “От-дос, От-душман” аталышындагы сүрөт сынагы, “Куткаруучу-сыймыктуу кесип” аттуу дилбаян сынактары өткөрүлдү.
7-8-9-класстардын окуучулары катышкан кароо сынакта мыктын сүрөт тарткандар жана дилбаян жазгандар аныкталып, райондук жана шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ардак грамота жана баалуу белектер менен сыйланышты.
Аталган иш-чара Министрликтин койгон тапшырмасынын негизинде облус аймагында өтүүдө.



