Жалал-Абад: Сарайдан чыккан өрт өчүрүлдү

Такталган маалымат боюнча Базар-Коргон районуна караштуу Кеңеш айыл өкмөтүндө мал сарай күйүп жатканы тууралуу маалымат саат 18:48де түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө №78 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылып, аталган мал сарай саат 19:00дө курчоого алынып, 19:40та толугу менен өчүрүлгөн. Күйгөн мал сарайдын жалпы аянты 24 чарчы метрди түзөт.