Жалал-Абад: Сел көп катталган аймакка өзгөчө кырдаал режими киргизилди
21-22-май күндөрү нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен улам Аксы районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
Райондун Кашка-Суу, Кара-Суу,Авлетим,Ак-Суу, Кызыл-Туу айыл өкмөттөрүндөгү 4370 метр ички жолду, 6 ички чарбалык көпүрөнү сел алган.
Андан сырткары 29 турак үйдүн там аркаларын суу каптап, 1 социалдык объект менен 6 турак үйдүн ичине суу кирген.
Жеринде жарандык коргонуу кызматтары жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы иш алып барышууда.